Биз менен байланышыңыз

Сарпашев: Жал кичи районунда сквер ачылат

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 658 | 0

Бишкек шаарынын Жал кичи районунда жаңы сквер ачылат. Бул тууралуу калаанын вице-мэри Рыспек Сарпашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сквер бир жуманын аралыгында колдонууга берилет.

Сарпашев белгилегендей, Бишкек шаарынын тургундары куураган бактар боюнча «Жашылдандыруу» ишканасына арыз берсе, кызматкерлер акт толтуруп бакты кыйып кетишет. Жарандар бактарды өз адынча кыркууга уруксат берилбейт.

«Бир бакты алуу үчүн көп документ керек. Эми куураган бактарга өзүбүз акт түзүп, ала баштайбыз. Ал эми 9 миң сомго алынган бактардын 90% куурап калды дегенден алысмын. Ал көчөттөрдүн кепилдик мөөнөтү бүтө элек. Шаарды жарыктандыруу, базарларды калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат», — дейт Сарпашев.

Ал кошумчалагандай, унаа токтотуучу жайларды ирээттештирүү боюнча жакында тендер жарыяланат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM