Биз менен байланышыңыз

Сарпашев: Келерки жылы 500 таштанды урнасын сатып алабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 905 | 0

Бишкекте 2020-жылга чейин таштандыларды бөлүү линиясы курулат. Бул тууралуу  шаардын вице-мэри Рыспек Сарпашев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы 500 таштанды урнасы сатылып алынып, жаңы конуштарга орнотулат.

«Айрым жаңы конуштарда урнанын ордуна аянтчалар ачылып калган. Эми таштандысы жок аянтчаларды карап, эски свалканы рекультивация кылабыз. Таштандыдан бөтөлкөлөрдү терүү көзөмөлгө алынган. Бул боюнча бир фирма иштеп жатат. Ишкана ай сайын бюджетке 700 миң сом өткөрөт», — дейт Сарпашев.

Ал кошумчалагандай, борбор калаадагы Түштүк-Батыш көрүстөнү боюнча түзүлгөн комиссия 2-3 күндө ишин жыйынтыктайт. Анын негизинде көрүстөн жабылат. Ордуна шаардан 30 чакырымдай алыс жайгашкан Гроздь айылындагы жаңы көрүстөн колдонулат. Учурда ал жакка кеткен жол оңдолуп, тегереги тосулуп жана кошумча иштери жасалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM