Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Кызматкерлердин келбетине дагы баа берүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 819 | 0

Милициядан полицияга өтүү үчүн ири суммадагы каражат керек. Бул маселенин үстүндө иштер жүрүп жатканын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Жунушалиев кызматкерлердин келбетине дагы баа берүү зарыл экенин белгилейт.

«Алар шамдагай жигит болсо эс алуучу туристтерге дагы жагат. Кызматкерлер кийген форма, алардын келбети, жүрүм-туруму боюнча иштер болуп жатат. Орун басарым болобу, башка кызматкер болобу, мен үчүн баары бирдей. Тапшырмаларды аткарбагандарга чара көрүлөт», — дейт министр.

Жунушалиевдин айтымында, ИИМде иштеген кызматкерлерин маянасы 10-17 миң сомдун тегерегинде. Айлык акылар өз убагында төлөнөт.

Аларды социалдык жактан камсыздоо максатында Бишкек жана Ош шаарларында салынып жаткан үйлөр кайсы кызматкерлерге берилерин атайын комиссия чечет.в

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM