Биз менен байланышыңыз

Жунушалиев: Грузиядагыдай реформаларды жасайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 951 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөдө Грузиядагыдай реформа жасаларын айтты. Мындай пикирин ал «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Грузия реформа үчүн көлөмдүү каражат бөлгөн. Андыктан чоң реформага ири каражат керек. Өнүгүүлөр жарандардын катышуусу менен болот.

-Биздин милдет учурда кабыл алынган өзгөрүүлөрдү аягына чыгаруу. Бири-бирин кайталаган кызматтарды жоюп жатабыз. 2019-жылдан тарта жаңы кодекстер менен иштейбиз. Бул дагы министрликти өнүктүрүүнүн бир багыты.

Ал белгилегендей, аймактарды өнүктүрүү жылына карата Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында оптимизация жүрүп, жергиликтүү участкалардагы кызматкерлер бөлүштүрүлгөн. Кыскартылган штатта иштеген кызматкерлер жер-жерлерге жөнөтүлгөн.

«Сандан сапатка өтүүнүн мезгили келди. Эч бир кызматкер көчөдө калган жок. Министрге жакпаган кызматкер болбойт. Алардын бары жакшы, бирок ишин билбегендер да бар», — дейт министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM