Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Саясатта көп жыл жашайм дегендер адамгерчиликтүү болушу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 835 | 0

Саясатта көп убакытка калуу үчүн жеке көз карашың болушу керек. Мындай пикирин Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал ошондой эле саясатта кармалып калуу үчүн капчыктуулар менен эмес, билген адамдар менен бирге жүрүү керектигин айтат.

«Сенден идея чыгып турса саясатка керексиң. Саясатта идеясы жоктор каралбайт. Ал эми өткөн парламенттик шайлоодо айрым партиялар менен сүйлөшүүлөр болду. Кээ бирине мен жаксам, башкалар мага жакпай калды. Шайлоого «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек» саясий партиясы менен барып, бирок маарага жетпей калдык. Айрым саясатчылар менен саясий көз караштарыбыз башка болсо дагы адамгерчиликте саламым түзүк», -дейт Мамытов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM