Биз менен байланышыңыз

Мамытов: Партиялар лидерге гана таандык болуп калган

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Сен 2018 | 885 | 0

Кыргызстанда партиялардын баары лидерге гана таандык болуп калды. Мындай пикирин Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айрым партиялар иши өнүкпөй жатып жоюлуп кетүүдө. Ал эми КСДПнын ичинде дагы башка партиялардагыдай пикир келишпестиктер бар.

«КСДП элди ойлосо оңолуп кетиши мүмкүн. Партиянын өзөгүн түзгөн 10-15 адам абалды колго алып, туңгуюктан чыгарып кетүүсүнө шарт бар. Аталган партия алдыга жылып кетпесе дагы фракция кадыр баркка ээ болуп кетет деп ойлойм. Ал эми аталган партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин саясатка келишин айтуу оор. Ал жеке мамиледен, саясаттын өнүгүп бараткан нугунан көз каранды», — дейт Мамытов.

Ал белгилегендей, партиянын лидеринен көп нерсе көз каранды болот. Ал канчалык бийик деңгээлге көтөрүлсө айланасындагылар да ошончолук жогорулайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM