Биз менен байланышыңыз

Москвадагы кырсык кыргыз мигранттарына кысымды күчөтөбү?

Кыска кабар | 10 Сен 2018 | 892 | 0

Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргызстандын жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бир кыргыз жараны каза болуп, он адам жабыркаган. Ага кафедеги мекендештери менен өз ара пикир келишпестик, андан чыккан чатак себеп болгон. Андан көп өтпөй эле Орусия айдоочуга адам өлтүрдү күнөө менен кылмыш ишин козгоду.

Окуя 9-сентябрда Москва убактысы боюнча саат таңкы 6ларда Новочеркасский бульварында болгон. Аталган шаардагы «Аура» кафесинде кыргыздардын катышуусунда чыр-чаттак чыккан. Анын жыйынтыгында орусиянын жараны Бекжан Сарбишев кыргызстандыктардын бир тобун машинеси менен сүзүп кетип, бирөөсү жеринен мерт кеткен.

Күнөөлүү деп кармалган Бекжан Сарбишев Кыргызстанда туулуп, кийинчерээк 2011-жылы орус жарандыгын алган.  Учурда жаракат алган он жарандын бешоо реанимацияда жатса, калгандары орто жаракат менен ооруканаларга жеткирилген. Азыр жабыр тарткандар Москва шаарынын үч ооруканасында. Учурда окуя боюнча өлкөнүн тиешелүү органдары жеринде иш алып барып жатканын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

-Азыр ооруканада Кыргызстандын укук коргоо органдары, элчиликтин кызматкерлери дарыгерлер жана Орусиянын укук коргоо органдары менен иш алып барууда. Азыр жабыркагандарга кандай диагноз коюлганы жана кандай дары колдонулушу боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Мындан ары күнөөлү деп аталган жаранга кандай жардам бере алабыз, жабыркагандарга көмөк көрсөтүү боюнча маселени элчилик карап жатат. Бүгүнкү күндө Орусия айдоочуга карата атайылап адам өлтүрдү деген берене менен кылмыш ишин козгоду. Баш коргоо чарасы дайындала элек.

Ал арада Москвадагы кыргыз диапорасынын демилгеси менен мигранттардын, элчиликтин өкүлдөрү менен жыйын болгон. Анда сыртта иштеген жаштарды тартипке чакыруу, кыргыз кафелеринин ишмердүүлүгү тууралуу маселелер ортого коюлуп талкууланганын коомдук активист Толкунбай Акматов кабарлады.

-Жыйында мигранттар тарабынан кыргыздарга тиешлүү түнкү клуб, кафелерди жабуу сунушу айтылды. Бирок элчиликтен кафелерди жабтырууга укуктары жок экенин билдиришти. Эми окуядан кийин кыргыздарга кысым көп болот. Кыргызстандан 11-классты бүтүп эле келип иштегендер көп. Аларды көзөмөлдөп турган ата-энеси жанында болбогондуктан өз билгендерин кылып жатат. Жаштарыбыз кечинде көчөдө көп жүрүшөт. Эрте менен жумушка кетип жатсаң метролордон жумушка уйку сурап кетип жаткан улан-кыздарыбызды көп көрөбүз.

Ошону менен бирге Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү да кыргызстандык айдоочунун жарандарды сүзгөнү боюнча Кылмыш жаза кодексинин “эки же андан ашык адамды коркунучтуу ыкма менен өлтүрүү” беренеси менен иш козгоду.

Ал эми күнөөлөнүп жаткан айдоочунун карындашы чатак эмнеден чыкканын орусиялык РЕН ТВ каналына айтып берген. Анын айтымында, окуя болгон түнү кылмышка шектүү катары кармалган айдоочу достору менен карындашынын 18 жашын белгилеп эс алуучу жайлардын бирине келишкен. Кылмышка шектүүнүн карындашына жана анын курбуларына башка жигиттер тийишип башташкан.

Туулган күндү тосуп эс алуучу жайдан чыкканыбызда 4-5 жигит эшикте турушуптур. Алар агамдын жалгыз калышын күтүп турушкан экен. Байкемди өздөрүнүн жанына чакырышып, кийин алар бизди шылдыңдап, кадыр-баркыбызга шек келтирип, жаман сөздөр менен сөгүп баштады. Мен буга ызаланып ыйлап баштадым. Аны көргөн агам жинденип, мени коргогонго аракет кылды. Алгач агам басып кетүүгө аракет кылды, бирок алар тоскоолдук кылып жатышты. Агамды унаасынын үстүнө басып алып сабап башташты. Кийин топтолгон балдар басып кетишкенде агам өзүн башкара албай калды. Жинденип унаага отуруп, айдап барып алардын бирин сүздү. Бирок нес абалында болуп, эмне кылып жатканын өзү түшүнбөй жатты. Агам ачуусунан тормозду басам деп газды басып алды.

Мындан үч ай мурун эле Орусияда  айдоочулук кылып жүргөн кыргыз жараны туристтерди сүзүп кеткен. Андан көп өтпөй эле азыркы окуянын катталуусу көп маселелерди козгошу мүмкүн экенин Замандаш партиясынын  төрагасы Жеңиш Молдакматов билдирди.

-Азыр Орусияга көбүнчө жаштарыбыз агылууда. Алардын басымдуусу тейлөө тармагында иштейт. Албетте, тейлөө тармагында айлык жакшы, бош болгон убакыттарыда көп болот. Аларга көзөмөлдүн жогтугунан тартипсиз болуп кетишүүдө. Мамлекеттик Дума курулушта иштегендердин квотасын кыскартуу боюнча мыйзамды иштеп чыкты. Эми ошону кабыл алышы мүмкүн. Орусиянын милициясы да кыргыз айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтып чыкты.

Орусияда бир гана Кыргызстандын жарандарына гана өз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүгү менен унаа айдоого уруксат берилген. 9-сентябрдагы жол кырсыгынан кийин Кыргызстандын айдоочулук күбөлүкгүн жокко чыгаруу маселеси демилгеленип калуусу мүмкүн экенин Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов белгиледи.

-Анткени жол кырсыгы экинчи жолу катталып жатат. Орусия өзүнүн жарандарынын коопсуздугуна кабатыр болуп кыргыз айдоочулук күбөлүгүн жокко чыгаруу чечимин кабыл алышы мүмкүн. Азырынча орус кесиптештер реакция кыла элек. Бирок Москвада иштеген биздин айдоочуларга кедергисин тийгизип коюшу мүмкүн. Анткени орус бийлиги сөзсүз реакция кылат. Буга биздин өкмөт дагы көңүл буруусу керек. Бул кырсыкта. Орусия булуң-бурчунда деле күнүгө эле жол кырсыгы болуп жатат да. Анан статистиканы алып караганда кыргыздар катышкан жол кырсык аз санда болуп калат. Мындан жаман жол кырсыктары бар да.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кыргызстандык айдоочу окуя болгон жерден качпай, полицияга көрсөтмө берген. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын ичимдик колдонбогону аныкталган.

Ал эми ооруканага жеткирилген 10 адамдын  ысымдары аныкталган.

Алар:

Абдурасулов С.А. – 21 жашта;

Мерген Р.У. – 22 жашта;

Женшибекова К. Ы. – 17 жашта;

Зулпиев Р. – 24 жашта;

Абдикарим У. – 20 жашта;

Арстанова Н. – 30 жашта.

Андан тышкары дагы эки белгисиз адамды Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканага жаткырылган. Дагы экөөнү Пригоровкага жөнөтүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM