Биз менен байланышыңыз

Көк бөрү боюнча чемпионат Өзбекстанда өтөт

Кыска кабар | 10 Сен 2018 | 709 | 0

Өзбекстанда 2019-жылы биринчи жолу көк бөрү боюнча чемпионат өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Бул боюнча сүйлөшүүлөр 8-сентябрда Ысык-Көлдө жүргөн. Азырынча кайсы күнү жана кайсы шаарда өтөөрү тактала элек.

2017-жылы Казакстандын Астана шаарында көк бөрүнүн казакча варианты көкпар боюнча биринчилик өткөн. Анын финалында Кыргызстандын курамасын Казакстан командасы жеңип алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM