Биз менен байланышыңыз

Балдарды сатуу боюнча дарыгерлер кармалганы айтылууда

Кыска кабар | 10 Сен 2018 | 1022 | 0

Бишкекте балдарды сатуу боюнча дарыгерлер кармалганы айтылууда. Маалыматтар боюнча, колго түшкөн 5 дарыгердин экөө өлкөдөн чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулган. Калган үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ички иштер министрлиги бул боюнча расмий комментарийди кийинчерээк берерин билдирүүдө. Учурда Кылмыш жаза кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча иш козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM