Ата-эненин мээримине өксүп өскөн балдар келечекте агрессивдүү, мээрими жок болуп жетилет. Мындай пикирди педагогдор айтып, күнүнө жок дегенде 1 саатын бала менен баарлашууга жумшоо керектигин эскертишет. Бала тарбиялоону экинчи планга койгон ата-эненин баласы үчүн да маданият, билим экинчи планда болуп калат. Кабарчыбыз бүгүнкү күнү ата-энелер канча убактын балага жумшайт, аларды кепке тартты.
Жаңы окуу жылы башталып, эми балдар убактысынын көпчүлүгүн мектепте өткөрүшөт. Айрым мектептерде балдар түшкө чейин окуп, түштөн кийин бош болсо, кээ бир мектептер баланы бир күн бою ар кандай ийримдер менен алектендирип, убактысын бош өткөрбөөгө шарт түзүшөт. Анда түштөн кийин убактысы бош болгон балдар эмне менен алектенет окуучулардын өздөрүнөн сурап көрдүк.
-Мектептен кийин үйгө барам. Тамак жеп алып сабак аткарам. Ойнойм.
-Үйгө баргандан кийин тамактанып, кайра кошумча курстарга барам.
-Үйгө барганда эжем окууга кетет. А мен анын баласын карайм.
А ата-энелерчи? Баласынын мектептен кийин эмне менен алектенип жатканы боюнча кабары барбы? Бир күнүнүн канча бөлүгүн баласына арнайт?
Мисалы, Наргиза Кадырованын күнү балдар менен алектенүү менен өтөт. Балдары башка пайдасыз нерселер менен алектенбеши үчүн ар кандай ийримдерге да берет.
-Жарым күнүм балдарга кетет. Ойношот, сабак аткарабыз. Сейилдөөгө чыгабыз. Күнүбүз ошентип эле өтүп кетет.
Ал эми Самар Кубанычбеков кызынын сабагына көбүрөөк көңүл бурат. Күнү окшош болгону менен дем алыш күндөрдү өзгөчө өткөрүүгө аракет кылат.
—Мектеп башталгандан бери сабактарга көбүрөөк көңүл бөлүп жатабыз. Албетте, өз убактысы менен ойнойт. Эс алуу кундөрү өзгөчө өткөргөнгө аракет кылабыз.
“Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева баланы тарбиялоо аны кийинтип, ичирип, мектепке алып баруу менен чектелбеши керек дейт. «Анткени акыркы кезде турмуш тиричиликти шылтоолоп, баланы экинчи планга койгон ата-энелер көбөйдү»,- дейт. Балага мээрим көрсөтпөй туруп, келечекте андан мээрим күтүү туура эмес деген Догдургүл Кендирбаева эң маанилүүсү баарлашуу, бала менен байланыш экенин эскертет.
-Жаш өзгөчөлүгүнө жараша көңүл буруу зарыл. Эгерде көңүл бөлүнбөсө кийин анын кесепети байкалат. 15ке, 35 ке келгенде «Сен жамансың» деген ата-эне өзү жаман. Анткени ага жакшы болууну, мээрим көрсөтүүнү үйрөткөн эмес. Баланы жолдо адаштыруучу кара жолдор көп. Ага адаштырбай, балага туура жол көрсөтүү ата-эненин милдети.
Педагогдордун айтымында үйүндө жылуу мамиле көрбөй чоңойгон баланын мектепте, бала бакчада да өзүн-өзү алып жүрүүсү да өзгөрөт. Ата-эне мээримин издеп чоңойгон бала аны башка жактардан издейт. Андыктан аларга жок дегенде 1 саатты арноо керек дейт “Секом кидс” балдар бакчасынын мүдүрү Айзат Үсөнгул кызы. Андан эмне жедиң деп эмес, эмне жаңылык болгонун суроо туура ыкма деп сунуштайт.
—Ата-энеси убакыт бөлбөгөн баланын мүнөзү агрессивдүү болот. Башкаларды, балдарды жада калса мугалимдерин уруп баштайт. Анткени ата-эне мээримин издеген бала аны башкалардан чыгарат. Бала байкуш өзүнүн ичиндеги сезимин айта албагандыктан, аны ошондой ыкма менен көрсөтөт. Ошондуктан, бала менен жок дегенде жарым саат отуруп, ал менен сүйлөшүп, эмне болуп жатканына кызыгып, ал менен чоогу жашоо маанилүү.
Айрым маалымат булактарына ылайык, Пенсильвания жана Дьюка университеттери Америка боюнча 700 баланы 20 жыл бою байкоо салып изилдөө жүргүзгөн. Алар баланын кичинекей кезиндеги тарбиясы чоңойгондо коомго аралашуу жана ийгиликке жетүүсүнө сереп салышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгында окумуштуулар бала чагынан коомго жакын болуп, бат тил табыша алган балдар айланасындагыларга да жардам берип, келечекте чоң ийгиликтерге жетерин аныкташкан. Ал эми кичинекей кезинде эле чөйрөсүнө кошула албай, түнт болуп өскөн бала бой жеткенде да көп кыйынчылыктарга туш болорун аныкташкан. Ал эми баланын түнт же тескерисинче шайыр болуп элге кошулуусу ата-эненин кылган мамилеси менен түздөн-түз байланыштуу деген бүтүмгө келишкен.