Connect with us

Өмүракунов: Эрдоган — чоң соодагер

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Сен 2018 | 943 | 0

Экономикалык система Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганга чейин эле курулуп калган. Ошондуктан анын экономикага эл түшүнбөгөн өзгөртүүлөрдү киргизгени туура эмес. Мындай пикирин “Саресеп” коомдук-аналитикалык сайтынын башкы редактору  Эсен Өмүракунов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Эрдоган — чоң соодагер. Ал ойногонду жакшы билет. Бирок анын экономисттерге акыл айтуусуна муктаждык жок.

«Батыштын бир да экономисти Түркияны колдоосуз таштап салабыз деген жок. Себеби бул мүмкүн эмес. Анткени Түркияда Сириялык качкындар көп. Аталган мамлекетте Венесуэладагыдай кризис болсо качкындар гана эмес, түрктөр дагы Европага агыла баштайт»,— дейт Өмүракунов.

Ал кошумчалагандай, Түркиянын элинде эмес, түрк бийлигинде маселе бар. Андыктан маданий жактан биригүү абдан маанилүү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM