Биз менен байланышыңыз

Жол коопсуздугун реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топту Тамерлан Ибраимов жетектейт

Кыска кабар | 15 Авг 2018 | 995 | 0

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында эксперттик жумушчу топ түзүлдү.

Эксперттик топту саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектей турган болду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.

Жумушчу топтун курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөт аппаратынын, Ички иштер министрлигинин профилдик бөлүмүнүн, жарандык  сектордун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Эксперттик жумушчу топ жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды иликтеп, ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтарын жана бөлүмдөрүн реформалоодо башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карап сунуштарды даярдайт жана аны президенттин кароосуна киргизет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM