Биз менен байланышыңыз

Тик учактарды ижарага берүү чыры ырбады

Саясат | 19 Июн 2018 | 1136 | 0

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Каныбек Иманалиев «Кыргызстандын төрт аскердик тик учагы согуш болуп жаткан Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатканын» айтып чыккан.

Каныбек Иманалиевдин айткандарына таянсак Кыргызстанда алты аскерий тик учак бар, анын экөө иштебейт, экөөнү Америка дагы экөөнү Орусия жардам катары берген. Мурдагы бийлик анын төртөөнү Уганданын ортомчу фирмасы аркылуу Сомалиге ижарага берүүнү көздөгөн. Депутат билдиргендей «жардамга алынган аскер техникаларын үчүнчү өлкөлөргө берүүгө болбойт жана бул окуя Кыргызстандын беделине шек келтирди».

Көп өтпөй мурдагы Коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 2014-2015-жылдары «Кыргыз курал» ишканасы менен чет өлкөлүк ортомчу фирма аркылуу төрт аскердик тик учагын берүү жөнүндө келишим болгонун тастыктады. Анын айтымында, ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев Башкы штабдын тик учактарды чет өлкөгө ижарага берүү сунушун колдогон.

— «Кыргыз курал» ишканасы Коргоо министрлиги менен бирге идеяны көтөрүп чыгып, «тик учактарды ижарага берип, мамлекетке акча түшүрсөк» деген пландары болгон. Ошонун негизинде алар президентке «төрт учакты берсек бизге мынча акча түшөт» деп президентке кат жазышкан. Президент албетте макул болуп, буйрукка кол коёт. Андан кийин тиешелүү жумуштар башталган. Кийин мыйзам бузуу менен келишим түзүшкөн. Муну прокуратура дагы далилдеген.

Кудайбердиевдин айткандарына караганда, тик учактар эки жылга берилип, ал үчүн жалпысынан 30 млн доллар ижара акысы алынмак. Бирок келишимде акча каражаты Коргоо министрлигинин же өлкөнүн бюджетине эмес Дубайдагы банктардагы бир компаниянын эсебине түшмөк.

Ал эми КСДП партиясы тик учак чырына Алмазбек Атамбаевдин аты аралашып жатканы боюнча билдирүү таратты. Аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында бул «экс-президентти жана анын айланасындагы адамдарды жаманатты кылуу максатында жасалып жаткан иштер». Анын жүйөсүндө тик учактарды ижарага берүү ишке ашкан эмес.

— Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, ал ошол бойдон ишке ашкан эмес. Вертолеттор Кыргызстанда калган. Мында башкы максат мамлекеттик каражаттарды ири өлчөмдө уурдаганы үчүн кызматынан алынган мурдагы коргоо министрине (Кудайбердиев А.А.) шилтеме жасоо менен кайра эле экс-президенттин беделине көө жабуу экендиги түшүнүктүү болуп турат.

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаев тик учактарды ижарага берүү чечимин тийиштүү органдардын берген негиздемелерине жана сунуштарына таянып, кабыл алганын кабарлады. Тик учак чыры 2014-2015-жылдары дагы көтөрүлгөн. Бул боюнча ведомство аралык комиссия дагы түзүлүп, иш алып барганын ошол кездеги күч түзүмдөрү жаатындагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев айтып берди. Анын билдиришинче учак чырына мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун дагы аты аралашкан.

— Коргоо министрлиги, УКМК жана тиешелүү министрликтер кирген ведомство аралык комиссия түзгөнбүз. Ал комиссия текшерип келип, Кудайбердиев айткан фактылар бар экен, даярдалып жаткан келишимдин долбоору туура эмес, мыйзамсыз деген чечим чыгарган. Кийин мага Сапар Исаков чалып калды «Абдырахман Мадакимович комиссия түзүп караган турбайсыңарбы. Жөн эле койбойсуңарбы» деп. Мен бизге Коргоо министри расмий кайрылып жатса кантип карабай коёбуз, карадык, комиссия айтылган фактынын баары туура деген чечимге келди деп айткам.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы болсо «бир да тик учак өлкөнүн сыртына учпаганын, бүтүн авиапарк дислокациялык аэродромдордо турганын жана Кыргызстанды коргоону камсыз кылуу боюнча пландуу ишти аткарууда» деп маалымат таратты. Ал эми парламентте айтылган сөздөрдү «чындыкка дал келбейт» деп төгүнгө чыгарды.

Деген менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары, күч түзүмдөрү жаатындагы эксперт Артур Медетбеков «бул окуяны тыкыр иликтесе бир топ коррупциялык иштер чыгат», — деп жатат.

— Жеке эле бул эмес тик учактар боюнча биздин Куралдуу күчтөрүндөгү, ӨКМдеги абалды толугу менен иликтеп, териштирсе мунун артында дагы ЖЭБге окшогон чоң маселелер жатат. Аны биздин укук коргоо органдары жакын арада иликтеп, такташы мүмкүн.

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө учурда жалпысынан жети учак бар. Медетбековдун маалыматында тик учактарды жана курал жарактарды чет мамлекеттерге сатуу боюнча чуулуу иш Кыргызстанда биринчи жолу катталган жок. Эгемендик жылдарында буга чейин «Канат» деген ишкана аркылуу Коргоо министрлиги чет жакка курал саткан окуя ашкере болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM