Биз менен байланышыңыз

Ээрден түшпөгөн Батыралиевдин эртеңкиси эмне болот?

Саясат | 17 Апр 2018 | 1965 | 0

Саламаттыкты сактоо министринин кызмат ордун кароо сунушу дагы көтөрүлдү. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча комитетте айтылды. Депутаттардын мындай пикирин министр кадыресе деп баалайт. Анткени анын кызматтан алынып, алынбашына өкмөт башчы Сапар Исаков баа берет деп ишенет. Ал эми бул ирет депутаттар Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин кызматын кароого эмнени жүйө келтирип жатышат. Тараптардын пикирин угуп көрдүк.


120 депутаттын 120 пикири бар. Нааразычылыктар айтылыш мүмкүн. Бирок менин ишиме өкмөт башчы Сапар Исаков акыркы баасын берет. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев “Марал” радиосуна билдирди. Анын айтымында депутаттардын ага карата жүйө катары көрсөтүп жаткан маселелери эски.

Нааразычылыктар болот. Бирок бул айтылып жаткан дооматтар эски фактылар. Аларды оңдогонбуз. Ал эми менин ишиме өкмөт башчы өзү баа берет. Эгерде ал команданын башчысы катары мени команданын ичинде көргүсү келбесе ал анын чечими. Бул саяси кызмат. Бир киши кызматта атасынан калгандай түбөлүк кала албайт.

Министрдин кызмат ордун кароо маселеси алгачкы жолу көтөрүлгөн жок. Буга чейин да министрликте айрым мыйзам бузуулар аныкталып, аны кызмат ордунан бошотуу боюнча  сунуштар түшкөн. Министрликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу түзүлгөн жумушчу топтун төрайымы Аида Исмаилова мурда Талантбек Батыралиевдин айыбын ачкандыгы үчүн ага коркутуп үркүтүүлөр болгонун айтат. “Ал эми бүгүн аны коргой турган кишиси жок”,- деп агынан жарылды.

Ишенген кишиси азыр эми жок. Анткени буга чейин анын иштерин ачканым үчүн мага жана консультантыма коркутуп-үркүтүүлөр болгон. Ачык эле жогору жактан коргогон кишиси болгон. Эми ачык эле айта алам. Аны айрым кесиптештерим да билет. Эми өкмөт дагы туура кадам таштайт деп ойлом. Анткени мындай кадр менен өкмөт деле уят болгусу келбесе керек. Себеби саясий кырдаал көрүнүп турат.

Аида Исмаилова жетектеген топтун маалымдамасы тармактык комитет тарабынан жактырылды. Эми документтер укук коргоо органдарына тапшырылыш керек. Андагы маалыматтарга ылайык, министрликте кадр, дары-дармек саясаты, мамлекеттик сатып алууларда мыйзамга каршы келген көрүнүштөр орун алган. “Ошондуктан, далилденген мыйзам бузуулардан кийин министр Талантбек Батыралиев кызмат ордунан бошотулушу”,- керек дейт байкоочу кеңештин төрагасы Айбар Султангазиев. “Бир гана кызмат ордунан бошотулуп тим болбой, жоопкерчиликке тартылыш керек”,- дейт.

-Жумушчу топтун иликтөөсү 97 беттен турат. Анын ичинде толгон токой далилдер бар экен. Эми баары көрүнүп турганда отставкага кетиш керек го. Башка министрлер бир себеп үчүн кетип жатат. Эми кызмат ордун гана бошотпостон, жасаган мыйзам бузуулар үчүн да жооп бериш керек.

Деген менен эксперт Бурул Макенбаева министрге карата айтылган сөздөр кур доомат деп сыпаттайт. Анын пикиринде тескерисинче Талантбек Батыралиев реформага кадам таштады. “Ал эми ал жасап жаткан кадамдар айрымдардын кызыкчылыгына туура келбей жатат”,- деп ойлойт.

Тескерисинче министр Батыралиев иштеп жатат. Анын дары-дармек боюнча айрым демилгелери бир уч кишинин кызыкчылыгына туура келбей жатат. Ошол кишилер ызы-чуу кылып жатышат. Өздөрүнун кызыкчылыгы үчүн эптеп кынтык издеп, министрликтин ишине тоскоолдук жаратып жатышат. Мунун кесепети бир гана бейтаптарга тиет.

Эске салсак, 16-апрелде Жогорку Кеңештин социалдык саясат, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында министрдин “Саламаттыкты сактоо” тууралуу мыйзамды канчалык деңгээлде аткарганын текшерген жумушчу топтун баяндамасы угулду. Анын жыйынтыгында  өкмөт башчы Сапар Исаковго Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кызматтан алуу сунушталды.

Белгилей кетсек, министрдин отставкасын талап кылган бул жалгыз учур эмес. Буга чейин да чуу жаратып, кызмат ордун сактап кала алган. Бул сапар кайсы тарапка чечилерин убакыт көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM