Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту карай баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Алгачкы соттук отурум 19- ноябрь күнү саат 15:00гө дайындалды.
Ошондой эле мекеме Адыл Акжол уулунун камакта калуу мөөнөтүн узартты.
«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 1-ноябрдагы токтому менен айыпталуучу Адыл Акжол уулуна карата бөгөт коюу чарасы катары соттук териштирүү мөөнөтүнө, тактап айтканда, 31-декабрга чейин камакка алуу түрү колдонулду», — деп айтылат маалыматта.
Адыл Акжол уулу быйыл 5-августта кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда.
Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынган.