Марал Радиосу

Журналист Адыл Акжол уулунун иши сотко өттү

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын директорунун мурдагы орун басары, журналист Адыл Акжол уулунун ишин Бишкектин Биринчи Май райондук соту карай баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алгачкы соттук отурум 19- ноябрь күнү саат 15:00гө дайындалды.

Ошондой эле мекеме Адыл Акжол уулунун камакта калуу мөөнөтүн узартты.

«Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 1-ноябрдагы токтому менен айыпталуучу Адыл Акжол уулуна карата бөгөт коюу чарасы катары соттук териштирүү мөөнөтүнө, тактап айтканда, 31-декабрга чейин камакка алуу түрү колдонулду», — деп айтылат маалыматта.

Адыл Акжол уулу быйыл 5-августта кармалган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакыруу, ошондой эле жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакыруу” беренеси боюнча айыпталууда.

Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 4-октябрга чейин камакка алынган.

Exit mobile version