Биз менен байланышыңыз

Президент алтын куймаларын саткан дүкөнгө барды (сүрөт)

Кыска кабар | 10 Окт 2024 | 191 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-октябрда «Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун өлчөнгөн алтын куймаларын саткан фирмалык дүкөнүнө барды.

Дүкөн 5-сентябрда ачылган. Алтын куймаларын сатуунун көлөмү 50 миллион сомду түзсө, компаниянын таза кирешеси 3 миллион сомду түзгөнү кабарланды.

Азыркы учурда өлчөнгөн куймаларды бардык жарандар, башка мамлекеттердин жарандары да сатып ала алышат.

Президент Жапаров алтын куймаларын сатып алууда эч кандай чектөө болбошу керектигин, анткени өлкөдө өндүрүлгөн алтын акыры эл аралык биржаларда сатылып, анда баалар фирмалык дүкөндөн төмөн болушу мүмкүн экенин белгиледи.

«Кыргызалтын» башкармалыгынын төрагасы Кубат Абдраимов эки жыл мурун бир килограмм алтын сатып алгандар азыркы базар баасын эске алганда, бүгүн 34 миң АКШ доллары киреше менен сата аларын билдирди.

Президент атамекендик алтын куймаларын сатып алуу каражат салуунун ишенимдүү жана кирешелүү жолу экенин белгиледи. Ал өлкөнүн колунда бар, бай жарандарын аманаттарын алтынга салууга үндөдү.

Алтын куймаларды шейшембиден ишемби күндөрүнө чейин төмөнкү дарек боюнча сатып алууга болот:

Бишкек ш. Абдумомунов көч., 195.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM