Биз менен байланышыңыз

Абактагыларга бир жылда бир жолу үйүнө барууга уруксат берүү сунушталды

Кыска кабар | 2 Окт 2024 | 108 | 0

Кылмыш-жаза кодексине жалпы жана күчөтүлгөн режимдеги жаза өтөөчү жайларда кармалып турган жарандардын жылына бир ирет бир жумалык мөөнөткө үйүнө барып келишине уруксат берүү сунушун киргизүү керектиги айтылды.

Бул тууралуу мыйзам долбоору 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында каралды.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыковдун сөзүнө караганда, бул жеңилдиктен жашы жете элек балдары бар, жалгыз бой ата-энелер гана пайдалана алышат. Аларды түзөтүү мекемелериндеги комиссия аныктайт, социалдык кызматкерлер тандайт.

«Ар бир мекемеде социалдык кызматкер болот. Ал комиссияга соттолгон жарандын жүрүм- турумун, социалдык абалы тууралуу толук маалымат берип, чыгарса болобу же жокпу сунушун айтат. Андан кийин комиссия анын соттолгон беренесинин олуттуулугун, күнөөсүн мойнуна алганын, жаза өтөөчү мекемедеги жүрүш-турушуна карап аныктайт», — деди Кемел Садыков.

Жыйында депутат Камила Талиева “кадимки шартта кармалган жарандарга бир жылда бир жолу чыгууга мүмкүн” деген маселени тактап сурады. Ал комиссия “мүмкүн” деген шылтоо менен коррупциялык жолго баруусу ыктымалдыгын айтты.

«Уруксат берилиши мүмкүн деген жерде коррупция болуп калбайбы деген маселе бар да. Комиссия “мүмкүн” дегенди ар кандай пайдаланып калышы мүмкүн».

Мыйзам долбооруна ылайык, уруксат алган соттолуучу барып келген жолго кеткен убакытты эске албаганда, жети суткадан ашпаган мөөнөткө чыгууга уруксат берилет.

Талкуудан кийин «Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, колдоду.

Copyright © 2017 Maral FM