Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө чагылган тийип, 60 баш кой өлдү

Кыска кабар | 16 Авг 2024 | 169 | 0

Ысык-Көлдүн Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын үстүндө жайгашкан жайлоодо 15-августта 60 баш койго чагылган тийип өлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жеринде тартылган видеодо чабан элдин коюн бакканы, чагылган тийген койлордун жарымы күйүп кеткенин айткан.

Учурда чагылган тийип өлгөн малды жайлоодон алып келүү, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көмдүрүү жана залалсыздандыруу иштери жүрүп жатканы айтылды.

7-июлда Тоң районунундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жаз-Кечүү жайлоосунда түшкөн чагылгандын кесепетинен чабан Абдылдаев Көкүмбектин 250 баш кою өлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM