Ысык-Көлдүн Тоң районунун Коңур-Өлөң айылынын үстүндө жайгашкан жайлоодо 15-августта 60 баш койго чагылган тийип өлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жеринде тартылган видеодо чабан элдин коюн бакканы, чагылган тийген койлордун жарымы күйүп кеткенин айткан.
Учурда чагылган тийип өлгөн малды жайлоодон алып келүү, ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык көмдүрүү жана залалсыздандыруу иштери жүрүп жатканы айтылды.
7-июлда Тоң районунундагы Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн Жаз-Кечүү жайлоосунда түшкөн чагылгандын кесепетинен чабан Абдылдаев Көкүмбектин 250 баш кою өлгөн.