Чүй облусунан 200дөн ашуун бала жайкы эс алууга Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реаблитациялык борборуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
10-июндан 17-июнга чейин окуучулардын биринчи агымы барып келишкен, ал эми экинчи агым менен баргандар 17-июндан 24-июнга чейин эс алышат.
Чүй облусунун ар бир айылынан эл аралык сынактардын, олимпиадалардын, мелдештердин, спорт оюндарынын жеӊүүчүлөрү, республикалык, улуттук олимпиадалардын жеӊүүчүлөрү, катышуучулары, мыкты окуучулар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары жиберилди.
Балдардын коопсуздук маселеси көзөмөлгө алынып, ар бир райондон жана шаарлардан балдарды коштоп баруучу мугалимдер бекитилген.