Connect with us

Абактагы акын Олжобай Шакир беш жылга кесилди

Кыска кабар | 14 Май 2024 | 463 | 0

Жазуучу, акын, публицист Олжобай Шакир «массалык башаламандыктар» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди 14-майда Аламүдүн райондук соту чыгарды.

Олжобай Шакир 2023-жылы 21-августта «РухЭш TV» Ютуб-каналы аркылуу кайрылуу жасап, азыркы бийликти сындаган. 23-августта УКМКга суракка чакырылып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандыктар) менен айыпталып, камакка алынган.

24-августта Биринчи Май райондук соту аны эки айга абакта калтыруу чечимин чыгарган. 13-сентярбда иш Бишкек шаардык сотунда каралып, судья Олжобай Шакирдин камакка алынышын мыйзамдуу деп тапкан.

Copyright © 2017 Maral FM