Буга чейин массалык маалымат каражаттарында Соң-Көл жайлоосунда бодо малдар шарп ылаңы менен ооруп жатканы боюнча такталбаган маалыматтар тараган.
Ветеринардык кызмат бул маалыматты чекте кагып, түшүндүрмө берди.
Нарын облусунун Соң-Көл жайлоосуна Кочкор, Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун ветеринардык башкармалыктарынын инспекторлору жеке ветеринардык врачтар менен биргеликте Соң-Көл жайлоосуна барып, малчылар менен жолугушуп, жеринде мониторинг жүргүзүп, эпизоотиялык кырдаалды анализдеп, текшерип турушат.
Акыркы жолу инспекторлор 18-19-июль күндөрү Соң-Көл жайлоосуна барып мониторинг жүргүзүп келишкен.
Малчылардан эч кандай даттануулар жана арыздар түшкөн эмес, эпизоотиялык абал туруктуу, жугуштуу ылаңдардан таза деп белгиленген. Мындан тышкары, Сон-Көл жайлоосуна бекитилген ветеринарды адистер жума сайын мониторинг жүргүзуп, райондук ветеринардык башкармалыкка маалымат берип турушат. Бул боюнча жеринде түзүлгөн актылар бар.
Жогорудагы маалыматтын негизинде бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги алдындагы Ветеринардык кызматтын инспекторлору Соң-Көл жайлоосуна барып, мониторинг жүргүзүп, малдар арасында щарп ылаңы менен оруп жаткандыгы такталган жок, эпизоотиялык абал туруктуу.