«МЕГАны» Өнүктүрүү банкына гана сатылат деп айта албайм. Башка сатып алуучуларга дагы мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу Мүлк фондунун мүлктүк мамилелер башкармалыгынын башчысы Замир Бугубаев «Маралга» билдирди.
Анын айтымында, сатуу процесси ачык-айкын өтүп, шарттарды толук аткарган жана эң жогорку бааны сунуштаган жеке же юридикалык жак сатып ала алат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдиргендей, 4-июлда «Альфа-Телеком» (MEGA соода маркасы) компаниясынын 100 пайыз толук пакети аукционго коюлду. Мамлекеттик ишкананын акциясынын баштапкы суммасы — 14 миллиард 600 миллион сомго бааланып, аукцион 2-октябрда өтөт. Ага катышуу үчүн арыздар 2-октябрь саат 10:00гө чейин кабыл алынат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун бул билдирүүсүнөн кийин көп өтпөй президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев комментарий берди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазды.
«Мамлекеттин «Альфа Телекомго» байланыштуу пландары өзгөргөн жок. Учурда компанияга аукцион жарыяланды, ага Мамлекеттик өнүктүрүү банкы катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландоодо. Муну менен компания мамлекеттин карамагында калып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантат. Мындан тышкары, башкаруучунун алмашуусу калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга алып келери күтүлүүдө».