28-майда Бишкектеги Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. БШКнын маалыматына караганда округда 124 миң 908 шайлоочу бар, добуш берүүгө алардын 17 423ү, тагыраагы, 13,95%ы гана келген.
Депутаттыкка ат салышкан жыйырма тогуз талапкердин ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыкты. Ага шайлоого келгендердин 35%ы, тагыраагы, 6 242 адам добуш салган. Андан тышкары дагы төрт талапкер 5 пайыздык босого чектен өткөн.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү 2021-жылдагы шайлоого салыштырмалуу добуш берүү солгун экенин айтышкан.
Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 29 талапкер ат салышты жана алардын үчөө, тактап айтканда, Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагынан катышты.
Азыркы эсеп боюнча 1 миң 317 добуш менен үчүнчү болуп келген талапкер Эртай Искаков буга чейин Дамира Ниязалиеваны добуш сатып алууга айыптап чыккан. Ал бир нече адамдын акча санап отурган видеосун таратып, алар Ниязалиеванын тарапташтары экенин билдирген.
ИИМ териштирүү жүрүп жатканын маалымдап, бирок бир да талапкердин ысымын атаган жок.
Боршайком мекемеге эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түшүп, алты кайрылууда айтылган маалыматтар тастыкталбаганын, үч арыз боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүп жатканын билдирди.
Шайлоого 125 миңге жакын адамдын 17 миңден ашыгыраагы гана келген. Бул көрсөткүч коомдо жарандардын татыктуу эл өкүлүн тандоого кызыкдар болбогону, кайдыгер мамилеси жана жоопкерчиликсиздиги менен мүнөздөлүүдө.
Шайлоо маселелери боюнча эксперт Тагир Осмоналиев шайлоочуларга жеткиликтүү деңгээлде маалымат берилбегендигин айтат. Экинчи жагдай, жарандардын талапкерлерге жана шайлоого болгон ишеними төмөн болгондуктан кызыгуусу да артпай жатканына, бул себептен жарандарды шайлоого катышууга кызыктыруу керектигине токтолду.
«Шайлоочуларды кызыктыруу керек. Бул үчүн көптөгөн узак мөөнөттүү дебаттарды өткөрүү зарыл. Анткени БШК жана өкмөт тарабынан уюштурулган дебаттарды карап көрсөк, бир саат эле 4-5 талапкерге бөлүнүп берилип жатат, ар бир талапкерге 15 мүнөттөн эле тийип калып жатат. Ошондуктан кайра-кайра дебаттар өткөрүлсө, шайлоочуларга ар кандай суроолорду берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлмөк жана да жарандар талапкерлерди таанып-билип калмак».
Былтыр Биринчи Май окуругунан талапкер болгон коомдук ишмер Мавлян Аскарбеков азыркы шайлоо боюнча мыйзамдар туура эмес жазылганын белгилейт. Ал кандайдыр бир жагдайдан улам депутаттын мандаты тапшырылса, кайра шайлоо өткөрбөй турган жолдорду айтып берди.
«Шайлоого катышкан талапкерлер босого баллдан өтсө, баары тизмеге турушу керек. Мисалы, Ленин шайлоо округунан 30 талапкер ат салышты, анын болгону үчөө-төртөө гана 5%дык босогодон ашса, ошол төрт киши тизмеге турат. Алар беш жылдык мөөнөттө депутаттык мандатты сактап турат. Бул саясий интригага жана казынанын ашыкча чыгашасына жол бербейт жана түркүн саясий оюндарга чекит коёт».
Аскарбеков Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамын кайра карап чыгып, коомчулук менен талкуулап, жаңы, таасирдүү шайлоо мыйзамын кабыл алышы керектигин белгиледи.
Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев шайлоо мыйзамдары азыр каралып жатканын, жарандарды милдеттендирүү жана шайлоо күнүн өзгөртүү боюнча сунуштар киргизилерин айтты.
«Шайлоону демалыш күнү эмес, жума күнгө которуу боюнча сунуштар бар. Анткени эмгек кодексине ылайык, демалыш күнү жарандар эс алууга укуктуу. Ал эми шайлоону жума күнү койсок, жумуш күнүн эс алдырып, бирок шайлоого катышууга милдеттендиребиз. Экинчиден, жума күнү жарандар намазга барышат, ыйык күнү добуш сатып алуу, ыплас иштерге моралдык жагынан тоскоолдук болобу деген ойлор бар. Бул боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар берилип айтылып жатат».
Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер катышкан. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында мушташтан улам мандатын тапшырган.