Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 6-январда өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -3…-8;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +7…+9 градус болот.