Орус армиясы Украинадагы аскердик операцияларында 7-мартка карата 11 миң аскерин жоготту. Бул маалымат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы «Фейсбукка» жарыялаган кыскача баяндамада айтылат.
Башкы штабдын маалыматы боюнча, Орусия Федерациясынын армиясы 24.02-07.03 күндөр аралыгында болжол менен төмөнкүдөй жоготууларга учураган:
- 11 миңге жакын аскер;
- 290 танк;
- 999 бронетехника;
- 117 артиллериялык система;
- 50 көп учуруучу ракеталык система (MLRS);
- 23 абадан коргонуу системасы;
- 46 учак (маалымат тастыкталган);
- 68 тик учак (маалымат дагы такталат);
- 454 автомобиль;
- 3 катер.
Штабдын маалыматына караганда, 7-мартка караган түнү Чернигов, Харьков, Николаев шаарлары абадан сокку урууга учураган, Житомир облусунда аткылоо орун алган. Учурда Херсон жана Сумы облустарында абал оор бойдон калууда.
1 пикир