Биз менен байланышыңыз

Украинанын Башкы штабы орус армиясы 11 миң аскерин жоготконун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Мар 2022 | 998 | 1

Орус армиясы Украинадагы аскердик операцияларында 7-мартка карата 11 миң аскерин жоготту. Бул маалымат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы «Фейсбукка» жарыялаган кыскача баяндамада айтылат.

Башкы штабдын маалыматы боюнча, Орусия Федерациясынын армиясы 24.02-07.03 күндөр аралыгында болжол менен төмөнкүдөй жоготууларга учураган:

  • 11 миңге жакын аскер;
  • 290 танк;
  • 999 бронетехника;
  • 117 артиллериялык система;
  • 50 көп учуруучу ракеталык система (MLRS);
  • 23 абадан коргонуу системасы;
  • 46 учак (маалымат тастыкталган);
  • 68 тик учак (маалымат дагы такталат);
  • 454 автомобиль;
  • 3 катер.

Штабдын маалыматына караганда, 7-мартка караган түнү Чернигов, Харьков, Николаев шаарлары абадан сокку урууга учураган, Житомир облусунда аткылоо орун алган. Учурда Херсон жана Сумы облустарында абал оор бойдон калууда.

1 пикир

1 пикир

  1. Таке

    08.03.2022 21:15

    Калпты да окшоштуруп жазыш керек. Мындай жазса бир жумада Россиянын армиясын кырып бүтөт го😃

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM