Connect with us

Саат 14:00гө карата шайлоого катышкандардын саны  26 миңге чукулдады

Кыска кабар | 27 Фев 2022 | 252 | 0

Бүгүн, Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи Май районундагы бир мандаттуу округда кайра шайлоо өтүп жатат. Саат 14:00гө карата шайлоого катышкандардын саны  25 823кө жетти.

Бул шайлоочулардын 11,76% ын түзөт.

Биринчи Май районунда шайлоого келгендердин саны 9 469 (8,37%), Свердлов районунда 16 354 (15,35%).

Азырынча шайлоо жыйынтыгына таасир этүүчү олуттуу мыйзам бузуулар боюнча маалымдала элек.

Айта кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо эки округдан «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM