Бүгүн, Бишкек шаарындагы Свердлов жана Биринчи Май районундагы бир мандаттуу округда кайра шайлоо өтүп жатат. Саат 14:00гө карата шайлоого катышкандардын саны 25 823кө жетти.
Бул шайлоочулардын 11,76% ын түзөт.
Биринчи Май районунда шайлоого келгендердин саны 9 469 (8,37%), Свердлов районунда 16 354 (15,35%).
Азырынча шайлоо жыйынтыгына таасир этүүчү олуттуу мыйзам бузуулар боюнча маалымдала элек.
Айта кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо эки округдан «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо белгиленет.