13-февралга карата коронавирус 49 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Анын ичинде Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7 адамдан илдет табылган.
Калган аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2927 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.