Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 49 адам илдетке чалдыгып, 3 адам каза тапты

Кыска кабар | 13 Фев 2022 | 277 | 0

13-февралга карата коронавирус 49 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Анын ичинде Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 7  адамдан илдет табылган.

Калган аймактарда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок. Саламаттык сактоо министрлиги вирустан дагы үч бейтап каза болгонун билдирди. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуккандардын жалпы саны 200 миңден ашты, 2927 адам каза болуп, 192 миңден көп киши сакайып чыкты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM