Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын парламенти Жогорку Кеңеш жөнөткөн кайрылууга жооп бере элек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Фев 2022 | 1215 | 0

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдогон. Азырынча жооп келе элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, кайрылуу жөнөтүү үчүн Тышкы иштер министрлиги, УКМК жана башка тиешелүү органдар менен макулдашылган. Андан тышкары кайрылуунун тексти Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде да, жалпы жыйынында да колдоо тапкан.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган.

Copyright © 2017 Maral FM