Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту Алматыда сабалган кыргызстандык боюнча кайрылды

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 215 | 0

Акыйкатчы институту Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналивге кат жолдоп, Алматыда болгон тополоңдон кийин Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, сабалган Кыргызстандын жараны Ч.Сыдыковду Стамбул протоколунун негизинде медициналык кароодон өткөрүүнү өтүндү.

«Учурда ал Кыргызстандын чек арасына келе жатат, ага байланыштуу Стамбул протоколуна ылайык медициналык кароодон өткөрүүнү жана экспертизанын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүнү суранабыз», — деп жазылган Акыйкатчы институтунун кайрылуусунда.

Казакстандын Алматы шаарында январдын башында болгон башаламандыктарга байланыштуу кармалып, сабалган Чолпонбек Сыдыков Бишкекке «Тез жардам» кызматынын унаасы менен алынып келе жатканы кабарланган.

Ал 9-январь күнү шаардан чыгып баратканда кармалып, райондук милициянын бөлүмүндө ур-токмокко алынганын айткан. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын кабыргалары жана буту сынган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги иликтөө иштерин баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM