Мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев Күрөш федерациясынын президенти болду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан кабарлашты.
3-декабрда Күрөш федерациясынын кезексиз жыйыны өткөн. Анда уюмдун мүчөлөрү бир добуштан президенттик кызматка көрсөтүлгөн Мелис Турганбаевдин талапкерлигин колдошту.
Турганбаев 2024-жылдын аягына чейин Күрөш федерациясын жетектейт.
Быйыл 23-ноябрда Күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов кызматынан кеткен.