Бүгүн, 30-ноябрь саат 14:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 24,18% кол санактан өттү.
Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, 2494 шайлоо тилкесинин 603үндө бюллетендер саналды.
Буга чейин автоматташтырылган системада добуштардын 97,59% эсептелген.
Кол менен саналган бюллетендердин алдын ала жыйынтыгында
«Ата-Журт Кыргызстан» 13.89%,
«Ынтымак» 13,44%,
«Ишеним» 11,04%,
«Ыйман Нуру» 8,03%,
«Альянс» 7,01%,
«Эл үмүтү» 6,48%,
«Бүтүн Кыргызстан» 4,97% добуш менен алдыда келе жатат.
БШК мүчөсү: Серверден эмес, кошумча сайттан мүчүлүштүк кетти