Кыргызстанда 28-ноябрда аралаш система менен парламенттик шайлоо өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, парламентте 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Үгүт иштери 29-октябрдан башталып, 27-ноябрь эртең мененки саат 08:00гө чейин уланат. Үгүттөө мезгилинде төмөнкүдөй кызматты ээлеген адамдар үгүттөө иштерин жүргүзүүгө, шайлоо боюнча ар кандай материалдарды чыгарып, аларды таратууга тыюу салынат.
- Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
- Жогорку Кеңештин депутаттарынан сырткары мамлекеттик саясий кызматтарда убактылуу иштеген тараптар;
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан сырткары мамлекеттик жана саясий муниципалдык атайын кызматтарда убактылуу иштегендер;
- Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү;
- Байкоочулар;
- Эл аралык байкоочулар;
- Диний ишмерлер;
- Кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын негиздөөчүлөрү, мүчөлөрү;
- 18 жашка толо элек жарандар;
- Чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;
- Жарандыгы жок адамдар;
- Аймактык коомдук өзүн-өзү башкаруулардын кызматкерлери;
Эгерде эреже бузуулар байкалса, төмөнкү номерлерге байланышуу керек: «1255» кыска номери жана 0(312)660240, ватсап 0755 00 29 65