Коңшу Өзбекстанда кечээ, 24-октябрда президенттик шайлоо болуп өттү. Ага шайлоочулардын 80%ы катышты. Бул шайлоодо күтүлгөндөй эле учурдагы президент Шавкат Мирзиёев фаворит болууда. Өзбекстандагы шайлоонун жыйынтыгы, Мирзиёевдин кайра шайланып келишинин Борбор Азияга жана Кыргызстанга таасири жана кийинки кадамдары тууралуу саясат талдоочу Эдил Осмонбетов менен талкууладык.
— Өзбекстандагы шайлоо жалпысынан кандай маанайда өттү? Шайлоого катышуу 80%дан ашты. Бул сандарга ишенүүгө болобу?
— Өзбекстанда жалпысынан беш жыл ичинде бир топ реформалар болду. Сырткы дүйнөгө ачылды десек болот. Ал эми шайлоо боюнча айтсак, салыштырмалуу таза жана атаандаштык камсыздалган шайлоо Борбор Азияда бир гана Кыргызстанда өткөн. Башка коңшу өлкөлөрдө мындай шайлоолор азырынча өтө элек. Өзбекстандагы президенттик шайлоодо мурункуга салыштырмалуу беш талапкер чыкты. Бирок, аларда ачык атаандаштык болгон жок. Ал эми добуш берүүгө шайлоочулардын 80%ы катышканы деле көбүртүлгөн маалымат эмес. Себеби, оппозиция бийликти ачык сындабады. Мирзиёевге тең чыга турган атаандаш болгон жок.
— Мирзиеевдин кайра шайланышынан эч ким күмөн деле санаган жок. Анын кайра шайланышы Борбор Азия чөлкөмү үчүн кандай таасир берет?
— Ооба Мирзиёевдин кайра шайлануусу 100% белгилүү болчу. Андан эч ким күмөн да санаган эмес. Албетте, азырынча расмий маалымат жарыялана элек, ошентсе да жыйынтык белгилүү. Мирзиёевдин экинчи мөөнөткө президент болуусу Борбор Азия чөлкөмү үчүн пайдалуу. Себеби Өзбекстан акыркы беш жылда тышкы саясатта өз ордун тапты. Ошондой эле чөлкөмдөгү туруктуулукка да Мирзиёевдин салымы чоң. Айрыкча Өзбекстан чөлкөмдөгү эң өнүккөн, лидер мамлекет болуу ниетин ачык жарыялаган. Мындан улам алардын саясаты так ушул багытта болот. Ал эми экинчи жагынан Ооганстандагы коркунуч турат. Бул маселеде да Өзбекстандагы туруктуулук жана өнүгүү бардык Борбор Азия мамлекеттери үчүн маанилүү.
— Мирзиеевдин кайра шайлануусу кыргыз-өзбек алакасына кандай таасир этет?
— Кыргыз-өзбек алакасына да Мирзиёевдин кайра шайлануусу маанилүү болуп саналат. Учурда эки өлкөнүн коопсуздук, транзит жана экономикалык алакасы жогорку деңгээлде турат. Коңшу мамлекеттеги туруктуулук ушундай уланса, чек ара маселелерин чечүү да кыйла жакшырышы мүмкүн. Мындан сырткары адам укуктарына басым жасап, акырындап жарандык коомду жандантуу кадамдары ташталды. Бул багытта албетте Кыргызстандын тажрыйбасы мол. Ушул жаатта да эки өлкө кызматташса болот.
— Мирзиеев буга чейинки миссиясын толук аткара алдыбы? Алдыдагы беш жылы кандай өтүшү же эмнелерге басым жасашы мүмкүн?
— Мирзиёевдин буга чейинки 5 жылдык мөөнөтүн жакшы деп бааласа болот. Ал чоң долбоорлорго басым жасады. Өзбекстанды ачык өлкөгө айлантты. Жарандык коомду курууга кадам таштады. Ал эми алдыдагы беш жылда Өзбекстандын ички саясатында оппозицияга жана радикалдашкан жарандарга карата кысым болот. Аларды тыкыр көзөмөлдөп турары бышык. Ал эми реформалар жаатында экономикалык реформаларга басым жасашы күтүлөт.
Жапаров Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады