Биз менен байланышыңыз

Жапаров Мирзиёевди президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 428 | 0

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен куттуктады.

Ал телефон аркылуу сүйлөшүүдө жооптуу мамлекеттик ишине ийгиликтерди, Өзбекстандын боордош элине тынчтык, бакубат жашоо жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Мындан сырткары мамлекет башчылар эки тараптуу маселелерди, кызматташтыкты талкуулашты.

Коңшу Өзбекстанда 24-октябрда президенттик шайлоо болду. Ага шайлоочулардын 80%ы катышты. Бул шайлоодо күтүлгөндөй эле учурдагы президент Шавкат Мирзиёев фаворит болду. Алдын ала жыйынтыктар боюнча учурдагы президент жеңип келди.

Эксперт: Мирзиёевдин кайра шайлануусу Борбор Азия үчүн пайдалуу

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM