Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 23-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу аймактарында жаан, кар жаайт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн, калган аймактарла жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын алдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10,
Жалал-Абад Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7,
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…-7,
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 9…11 градус жылуу.