Биз менен байланышыңыз

Футбол: Башкы машыктыруучу Штефан Таркович кызматтан кетет

Кыска кабар , Спорт | 13 Июн 2024 | 607 | 0

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович ээлеген кызматынан кетет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Штефан Таркович менен түзүлгөн келишим аягына чыккан, аны менен кызматташууну андан ары улантпоо чечими кабыл алынган.

Башкы машыктыруучу менен кошо бардык машыктыруучу штаб жаңыланат.

Таркович менен келишим ушул жылдын 30-июнуна чейин түзүлгөн. Ал кыргыз курамасын 14 ай машыктырды.

Бүгүн, 13-июнда Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Стефан Таркович баштаган машыктыруучулар штабынын бардык мүчөлөрү менен жолугушту. Жыйындын жүрүшүндө биримдиктин жетекчиси кабыл алынган чечимди жарыя кылды.

Ошондой эле өзүнүн атынан жана өлкөнүн бүткүл футбол коомчулугунун атынан аткарылган профессионалдык иш, акталган үмүт жана ишеним үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM