Бишкекте 707 жаран AstraZeneca вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу брифингде Биринчи май районунун Бала жана эненин ден соолугун коргоо боюнча директордун орун басары Диляра Искакова билдирди.
Анын айтуусунда, Бишкекке аталган вакцинанын 10 миң дозасы бөлүнгөн.
Учурда AstraZeneca менен эмдөө уланууда.
Искакова кошумчалагандай, баардыгы болуп Бишкекте коронавируска каршы 72 миң 405 адам эмделсе, анын ичинен 48 миң 595 жаран экинчи дозасын алган.
Алардын арасында: 2 миң 903 медицина кызматкери, 2 миң 744 билим берүү кызматкери, 4 миң 823 мамлекеттик кызматкерлер, 65 жаштан жогору 15 миң 366 адам, 1 миң 947 укук коргоо органдын өкүлдөрү, өз ыктыяры менен алгандар 40 миң 588 адам жана 1 миң 588 жаран өнөкөт оорулары барлар.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда акыркы суткада 24 миң 922 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 8 миң 342 адам вакцинанын биринчи дозасын, 16 миң 580и экинчи дозасын алган. Өлкө боюнча жалпы 736 миң 218 адам эмдөөдөн өттү.