Connect with us

Марипов Ысык-Көлдөгү селдин кесепеттерин жоюуну тапшырды

Кыска кабар | 30 Июл 2021 | 255 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда жана Балыкчы шаарында селден каптаган жайларды тезинен калыбына келтирүүнү тапшырды.

Транспорт жана жолдор министрлигине облус тургундарынын жана куткаруучу бригадалардын тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн жолду тез арада тазалоо тапшырмасы берилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине зарыл болгон учурда селдин кесепеттерин жоюу үчүн кошумча күч тартуу, суу каптаган райондорду тазалоо иштери үчүн атайын техника менен камсыздоо тапшырылган.

Эскерте кетсек, Балыкчы шаарында жана Тоң, Жети-Өгүз райондорунда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, турак жайлар талкаланып, айрым жерлерде суу жолду жууп кеткен, көпүрөлөр жана башка курулуштар бузулган.

Ысык-Көл: Тоң районун жана Балыкчы шаарын сел каптады (видео)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM