Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Талаа, Оттук айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, таңкы саат 4:30 чамасында жаандын кесепетинен сел каптап баштаган. Бул боюнча билдирүү ӨКМдин аймактык бөлүмдөрүнө таңкы саат 5:00дө келип түшкөн.
Сел турак үйлөрдүн короолорун, ички жолдорду, арыктарды кум-шагылга толтуруп салган. Балыкчы-Каракол жолунун тескей тарабынын айрым бөлүктөрүндө унаа жүрүүгө мүмкүн болбой калган.
Учурда жеринде ӨКМдин Тоң райондук жана Балыкчы шаардык бөлүмдөрүнөн 35 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Абалды көрүп келүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, министрликтин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев аталган аймакка жөнөп кетишти.
Алдын ала маалыматтар боюнча селден жабыркагандар жок. Толукталган кошумча маалымат берилет.