Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Орусияда өндүрүлгөн «Спутник Лайт» вакцинасы каттоодон өттү

Кыска кабар | 29 Июн 2021 | 306 | 0

Кыргызстанда COVID-19га каршы орусиялык бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасы каттоодон өттү. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, аталган вакцинаны сатып алуу маселеси талкууланбайт. Азырынча өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө эки компоненттүү «Спутник V» вакцинасы менен жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 5-декабрынан 2021-жылдын 15-апрелине чейинки аралыкта вакцина менен эмделген орусиялыктардын эмдөөдөн соң 28-күндөн тартып анализдеринин жыйынтыгы боюнча «Спутник Лайт» бир компоненттүү вакцинасынын натыйжалуулугу 79,4%ды түзгөн.

«Спутник Лайт» «Спутник V»вакцинасынын биринчи компоненти — дүйнөдө коронавируска каршы катталган биринчи вакцина болуп саналат.

«Спутник V» жана «Спутник Лайт» вакциналары аллергия пайда кылбайт.

«Спутник V» жана «Спутник Лайт» вакцинасын сактоочу температурасы + 2 + 8 градус Цельсияда кадимки муздаткычта сактоого мүмкүндүк берет жана вакциналардын баасынын бир инъекциясы 10 доллардан төмөн болгондуктан ал бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү.

Copyright © 2017 Maral FM