Индира Кудайбергенова Иса Ахунбаев атындагы мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп шайланды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.
Ал добуш берүүнүн жыйынтыгында 698 добуш алган. Ректорлук кызмат үчүн шайлоого 4 талапкер катышкан. лар: медицина илимдеринин докторлору,профессорлор Зиябидин Айдаров, Эркин Алымбаев, Индира Кудайбергенова, Жолдошбек Шаршенбиев.
Эскерте кетсек, Индира Кудайбергенова 1956-жылы туулган. Эмгек жолу 1979-жылы Республикалык килиникалык ооруканадан башталган. Кудайбергенова — медициналык илимдеринин доктору, пластикалык жана жалпы хирургиянын, маммологиянын адиси.
Ал буга чейин 2016-жылы шайлоонун жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп дайындалган.