Сауд Аравиясынын Ажылык жана Умра министрлиги пандемия учурунда ажылыкка келе турган жарандардын ден соолук коопсуздугун камсыздоо максатында атайын эрежелерди иштеп чыкты.
Быйылкы ажылык 17-22-июль аралыгында болот.
Министрликтин билдирүүсүндө, ажылык сапарга байланыштуу иш-чаралар коопсуз шартта өткөрүлөт.
Сауд Аравиясынын тазалык кызматы кырдаалды баалоону улантууда. Ажылык боюнча кеңири маалымат, ошондой эле COVID-19дун жайылышын көзөмөлдөө чаралары кийинчерээк жарыяланат.