Марал Радиосу

Сауд Аравиясы ажылыкка баргандарды атайын талаптардын негизинде кабыл алат

Сауд Аравиясынын Ажылык жана Умра министрлиги пандемия учурунда ажылыкка келе турган жарандардын ден соолук коопсуздугун камсыздоо максатында атайын эрежелерди иштеп чыкты.

Быйылкы ажылык 17-22-июль аралыгында болот.

Министрликтин билдирүүсүндө, ажылык сапарга байланыштуу иш-чаралар коопсуз шартта өткөрүлөт.

Сауд Аравиясынын тазалык кызматы кырдаалды баалоону улантууда. Ажылык боюнча кеңири маалымат, ошондой эле COVID-19дун жайылышын көзөмөлдөө чаралары кийинчерээк жарыяланат.

Exit mobile version