Биз менен байланышыңыз

Түлеев: МТУ менен райондорду жоем

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Апр 2021 | 1960 | 0

Бишкек шаарынын экс-мэри, «Ак бата» партиясынын лидери Нариман Түлеев «Маралга» берген маегинде программасына жасай ала турган иштерди жазганын билдирди.

«Өз убагында «Автобус сатып келем, анда пенсионерлер акысыз жүрөт», — десем баары күлүп, эч ким ишенген эмес. Бирок 2-3 айда ал аракетим ишке ашып, элди ишендиргем. Ошол сыңары улгайган адамдарга каралган мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу кыйын эмес. 1500 автобус алып келүү, жаңы конуштардын деңгээлин көтөрүү көйгөй. Бөлкө нан чыгаруучу завод иштебей турат. Мага чейинки мэрлердин мээси иштебесе, менде эмне күнөө?» — дейт Түлеев.

Ал мэр болуп калса, райондун акимдерин, МТУларды жоюуга убада берди. Аларга кеткен каражатты жаңы конуштарды өнүктүрүүгө, пенсия курагындагыларга колдооо көрсөтүүгө жумшоону ниеттенүүдө.

«Акимдер маалымкат берет, мындан сырткары шайлоолордо гана иштейт. Башка эч кандай иш жасашпайт. Акимдерди, деги эле чиновниктердин баарын бир айга жоготуп койсок да, турмуш жүрө берет», — дейт экс-мэр.

 

Copyright © 2017 Maral FM