Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова «Үмүт-Надежда» реаблитациялоо борборуна барды. Бул тууралуу социалдык тармакта «Тумар» бийчилер тобу сүрөт жарыялады.
Президенттин жубайы «Үмүт-Надежда» реаблитациялоо борборундагы майып балдарга белек бергени айтылат.
«Көптөн бери бийлей элек болчубуз. Бүгүн биздин борборго биринчи айым Айгүл Жапарова белектери менен келген экен, биздин группа бийлеп берди», — деп жазган «Тумар» бийчилер тобу.
«Тумар» тобун бийчи Атай Өмүрзаков негиздеген. Анда майып балдар-кыздар бийлешет. Алар «America’s Got Talent» телесынагы сыяктуу бир катар эл аралык сынактарда ийгилик жаратып келишет.
Өкмөт башчы «Тумар» бий тобуна акчалай колдоо көрсөттү